23 Октябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.50 -0,03% EUR 98.15 -0,17% RUB 1.07 +0,56% KZT 0.1950 -0,07%
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстанга бир айда жүз миллиондогон доллар агылып келди: Августтун рекорддук көрсөткүчү канча болду? Азия менен Европаны байланыштырган тарыхый кадам: Батумиде эмнелер сүйлөшүлдү? Азия менен Европаны байланыштырган тарыхый кадам: Батумиде эмнелер сүйлөшүлдү? Кыргыз милициясынын күнүнө карата Динамиада жыйынтыкталды: Кайсы команда чемпион болду? Эми далай эркек камалабы? Кыргызстанда жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду Кыргызстанга бир айда жүз миллиондогон доллар агылып келди: Августтун рекорддук көрсөткүчү канча болду? Азия менен Европаны байланыштырган тарыхый кадам: Батумиде эмнелер сүйлөшүлдү? Азия менен Европаны байланыштырган тарыхый кадам: Батумиде эмнелер сүйлөшүлдү? Кыргыз милициясынын күнүнө карата Динамиада жыйынтыкталды: Кайсы команда чемпион болду? Эми далай эркек камалабы? Кыргызстанда жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду
Кыргыз милициясынын күнүнө карата Динамиада жыйынтыкталды: Кайсы команда чемпион болду?

Кыргыз милициясынын күнүнө карата Динамиада жыйынтыкталды: Кайсы команда чемпион болду?

• 1 мүнөт окуу • 14 көрүү

Zobolo — Баш калаада 19-октябрдан 23-октябрга чейин кыргыз милициясынын күнүнө арналган Ички иштер министрлигинин спорттун жети түрү боюнча масштабдуу Динамиадасы болуп өттү.

ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курама командалары катышкан бул мелдештин катышуучулары ордо, шахмат, армрестлинг, дартс, тогуз коргоол, стол тенниси жана жеңил атлетика боюнча күч сынашышты.

Мелдештин жыйынтыгында күчтүүлөр аныкталып, байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • I орун – ИИМдин Күзөт кызматынын курама командасы;

  • II орун – ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы;

  • III орун – ИИМдин Академиясынын курама командасы.

Жабылыш аземине ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Дамир Алыбаев, Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы Алишер Барпиев жана «Динамо» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышып, жеңүүчүлөргө медалдар, грамоталар жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар