Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрөт
Zobolo — Эртең, 23-октябрда, Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө аба ырайы кескин сууктайт. Кыргыдидрометтин маалыматына ылайык, алдыдагы үч түндө түндүк аймактарда -3 градуска, ал эми түштүктө -2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн.
Жума күнү өлкөнүн түндүк бөлүгүндө абанын табы +14 градустан ашпайт, ишембиде +12 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми Чүй облусунда температура дагы эки градуска төмөндөшү ыктымал.
Муну менен катар синоптиктер жакын арада кайрадан күн жылый турганын божомол кылышууда. Ишембиден тарта күн акырындап жылый баштап, келерки бейшембиге чейин абанын табы +18 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми түштүк аймактарда түнкү үшүктү эске албаганда, күн кескин сууктабайт. Бул аймактарда күндүзгү абанын эң жогорку температурасы +19…+22 градусту түзөт.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү