Рыноктор USD 87.53 +0,06% EUR 98.32 +0,19% RUB 1.07 +1,01%
RU KG
Бишкек +13°C 22 Октябрь, Бейшемби
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстанда көмүрдүн баасы 90 күнгө чейин мамлекеттик көзөмөлгө алынат

Кыргызстанда көмүрдүн баасы 90 күнгө чейин мамлекеттик көзөмөлгө алынат

• 1 мүнөт окуу • 110 көрүү

Zobolo — Калкты отун менен туруктуу камсыз кылуу жана алып сатарлардын бааны негизсиз көтөрүүсүнө жол бербөө максатында көмүрдүн баасы 90 күнгө чейин мамлекет тарабынан каралып, көзөмөлдөнүп турат.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн эң жогорку чектирүүчү баасы жакынкы убакта жарыяланат. Эгерде рыноктогу кырдаал талап кылса, бааны көзөмөлдөө мөөнөтү узартылышы ыктымал.

Эске сала кетсек, былтыркы жылы дагы калк үчүн көмүрдүн бир тоннасына 5 800 сомдон ашпаган чек коюлган болчу.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар