Касымалиев Швейцария Улуттук кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту
Zobolo — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу маселелерин талкуулашты. Адылбек Касымалиев Швейцария Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, мамлекет башчыларынын өз ара сапарларын уюштурууну сунуштады.
Өз кезегинде Пьер-Андре Паж экономика, энергетика, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багыттарында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууга жана инвестициялык климатты жакшыртууга даяр экенин ырасташты.
Айта кетсе, Пьер-Андре Паж Бишкек шаарына «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө аспаптар оркестринин жетекчиси катары маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн келген.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү