22 Октябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.53 +0,06% EUR 98.32 +0,19% RUB 1.07 +1,01% KZT 0.1951 +0,88%
Соңку билдирүүлөр
Үнү өтө катуу чыккан унааларды айдоого тыюу салуу сунушталууда

Үнү өтө катуу чыккан унааларды айдоого тыюу салуу сунушталууда

• 1 мүнөт окуу • 121 көрүү

Zobolo — Өлкөдө тынчтыкты жана коомдук тартипти бузган үнү өтө катуу чыккан унааларды пайдаланууга тыюу салуу демилгеленүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Демилгеге ылайык, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул чара шаар тургундарынын тынчтыгын сактоого, түнкү мезгилде тынчтыкты бузган айдоочуларга каршы чара көрүүгө жана жол кырдаалын жөнгө салууга багытталган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар