Кыргызгидромет ноябрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады
Zobolo — Адистердин маалыматы боюнча, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө айлык орточо температура климаттык норманын чегинде, айрым жерлерде нормадан жогору болот. Ал эми жаан-чачындын көлөмү республиканын көпчүлүк аймактарында норманын чегинде, кээ бир жерлерде нормадан көп болушу күтүлөт.
Аймактар боюнча ноябрь айынын божомолу:
-
Чүй облусу:
-
Түнкүсүн: -1…+4°C башталып, 5…10°C чейин өзгөрүлөт, кээ бир түндөрү -2…-7°C суук болот.
-
Күндүз: 5…10°C башталып, 13…18°C чейин көтөрүлөт, айрым күндөрү -1…+4°C чейин төмөндөшү мүмкүн.
-
-
Талас облусу:
-
Түнкүсүн: -2…+3°C башталып, 4…9°C чейин өзгөрүлөт, кээ бир түндөрү -3…-8°C суук болушу ыктымал.
-
Күндүз: 4…9°C башталып, 11…16°C чейин өзгөрүлөт, айрым күндөрү -2…+3°C чейин төмөндөп, 17…22°C жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.
-
-
Ош облусу:
-
Өрөөндөрдө түнкүсүн 2…7°Cден 8…13°Cге чейин өзгөрүлүп, кээ бир түндөрү -4…+1°Cге чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз 8…13°Cден 14…19°Cге чейин жылыса, айрым күндөрү 2…7°Cге чейин төмөндөп, 20…25°Cге чейин жогорулашы мүмкүн. Тоо этектеринде түнкүсүн -1…+4°Cден 6…11°Cге чейин, кээ бир түндөрү -2…-7°C суук, күндүз 6…11°Cден 12…17°Cге чейин өзгөрүлүп турат.
-
-
Жалал-Абад облусу:
-
Түнкүсүн 2…7°Cден 8…13°Cге чейин алмашып, айрым түндөрү -4…+1°Cге чейин төмөндөшү ыктымал. Күндүз 8…13°Cден 14…19°Cге чейин жылыйт, кээ бир күндөрү 2…7°Cге чейин төмөндөп, 20…25°Cге чейин жогорулашы мүмкүн. Тоо этектеринде түнкүсүн -1…+4°Cден 6…11°Cге чейин болот (кээ бир түндөрү -2…-7°C). Күндүз 6…11°Cден 12…17°Cге чейин өзгөрүлүп, айрым күндөрү 0…5°Cге чейин төмөндөп, 18…23°C жылуулукка чейин жетет. Токтогул районунда түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин, күндүз 6…11ден 12…17 градуска чейин болот.
-
-
Баткен облусу:
-
Түнкүсүн 2…7°Cден 8…13°Cге чейин өзгөрүлүп, айрым түндөрү -4…+1°C болушу ыктымал. Күндүз 8…13°Cден 14…19°Cге чейин көтөрүлүп, кээ бир күндөрү 2…7°Cге чейин төмөндөп, 20…25°Cге чейин жогорулашы мүмкүн.
-
-
Ысык-Көл облусу:
-
Түнкүсүн 0…-5°Cден 1…6°Cге чейин өзгөрүлүп, кээ бир түндөрү абанын табы -6…-11°Cге чейин төмөндөшү ыктымал. Күндүз абанын температурасы 1…6°Cден 11…16°Cге чейин өзгөрүп турат.
-
-
Нарын облусу:
-
Түнкүсүн температура -4…-9°Cден -1…+4°Cге чейин өзгөрүлөт, кээ бир түндөрү -10…-15°Cге чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 3…8°Cден 10…15°Cге чейин жылыса, айрым күндөрү -3…+2°Cге чейин сууктайт.
-
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү