«Мадина» базарынын ордуна заманбап шаарча курулат
Zobolo — Баш калаадагы ири соода түйүндөрүнүн бири болгон «Мадина» базарынын ордуна заманбап шаарча курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров базардын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, базардын ээси (экс-депутат Турсунтай Салимов) бул жерде заманбап шаарча курууну көздөөдө. Жаңы курулушта бардык ишкерлер үчүн жетиштүү орун бөлүнүп берилет.
Президент Иш башкармалыгына соодагерлерди 10 күндүн ичинде көчүрүп, алардын баардык чыгымдарын толук көтөрүп берүүнү тапшырды. Ошондой эле соода орундарын мурда сатып алган ишкерлерге компенсация төлөнөөрү белгиленди.
Эскерте кетсек, 30-августта «Мадинада» чыккан ири өрт дээрлик 1500 чарчы метр аянтты жалмап кеткен. Буга чейин мэрия базарды көчүрүү маселесин көтөргөнү менен, соодагерлер ижара акысынын кымбаттыгына нааразы болушкан. Президенттин кийлигишүүсү менен бул көйгөй чечилип, соодагерлерге коопсуз жана ыңгайлуу шарттар каралууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү