Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +12°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
Кыргыз операсынын легендасы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз операсынын легендасы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты

• 1 мүнөт окуу • 594 көрүү

Zobolo — Кыргыз опера өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн. Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган.

Чыгармачылык жолунда ал 50дөн ашык опералык партияны аткарып, кыргыз опера өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар