Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +12°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
Мамлекеттик кызматка кадрларды даярдоо түп-тамыры менен өзгөрөт: Президент жаңы талаптарды атады

Мамлекеттик кызматка кадрларды даярдоо түп-тамыры менен өзгөрөт: Президент жаңы талаптарды атады

• 1 мүнөт окуу • 15 көрүү

Zobolo — Кыргызстанда мамлекеттик жетекчилик кызматтарга баруучу адистерди даярдоо системасы толугу менен өзгөрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө» республикалык кеңешмеде билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, министрликтер жана ведомстволор сыяктуу мамлекеттик мекемелерге жетекчи боло турган кадрларды даярдоо боюнча атайын программа ишке киргизилет.

«Башкаруучулукка даярдык көрүп жаткан кызматкерлер негизги жумушунан убактылуу бошотулуп, Мамлекеттик башкаруу академиясынан милдеттүү түрдө кыска мөөнөттүк даярдыктан өтүшү керек. Ал эми эң күчтүү кадрларга чет өлкөлөрдөн стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет», — деди президент.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги, кесипкөйлүгү жана ишинин эффективдүүлүгү боюнча талаптар кескин күчөй турганы кошумчаланды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар