Кыргызстанда компанияларга 1 млн сомго чейин айып пул салуу сунушталды
Zobolo — Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам талаптарын бузган компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, айрым учурларда лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюу сунушталууда.
Бул тууралуу Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоорунда айтылат. Документ коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, айып пулдун өлчөмү укук бузуунун түрүнө жана компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Мисалы, кардарды текшерүү талаптарын аткарбаган юридикалык жактарга 50 миңден 120 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.
Ал эми санкциялык тизмедеги адамдарга каражат берүү же алардын активдерин тоңдуруу талаптарын бузган компанияларга 80 миңден 300 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда.
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого же кылмыштуу ишти каржылоого катышкан юридикалык жактарга 1 миллион сом айып пул салуу, айрым учурларда лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюу чаралары каралган.
Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Сунуштар кабыл алынса, документ мыйзамда белгиленген тартипте андан ары каралат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү