Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +12°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов соодагерлерге компенсация төлөйбү?

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов соодагерлерге компенсация төлөйбү?

• 1 мүнөт окуу • 13 көрүү

Zobolo — Баш калаадагы «Мадина» базарынын негиздөөчүсү жана көп жылдык ээси Турсунтай Салимов мурда соода орундарын сатып алган ишкерлерге компенсация төлөп бериши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-октябрда базардын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ишкерлер көтөргөн негизги маселелердин бири эски базардан өз каражатына сатып алган соода аянтчаларынын тагдыры болду. Мамлекет башчысынын айтымында, бул маселени чечүүгө укук коргоо органдары тартылат.

«Турсунтайды чакырышат. Ал соода аянтчаларын 20 миллион долларга саткан. Бул аз акча эмес да. Кеминде бир бөлүгүн компенсациялап берсин», — деди президент.

Эске сала кетсек, «Мадина» базарынын соодагерлери жаңы аймакка көчүп жатышат. Бирок айрым ишкерлер мурда соода орундарын сатып алууга жумшаган каражаттарынан кол жууп калуудан кооптонушууда. Жолугушуу учурунда Садыр Жапаров эски базардын ээси анын ордуна заманбап элиталык шаарча курууну пландап жатканын кошумчалады.

Президент соодагерлерге көчүү учурунда жардам көрсөтүүнү, иштерди 10 күндүн ичинде бүткөрүүнү жана жаңы базарда алгачкы үч ай ижара акысынан бошотууну тапшырды. Учурда мурда сатып алынган орундар үчүн кандай механизм менен жана канча сумма кайтарылып берилери азырынча белгисиз.


Турсунтай Салимов ким?

Кыргызстандык ишкер, Бишкектеги «Мадина» базарынын негиздөөчүсү жана экс-депутат. 1956-жылы төрөлгөн. 2023-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан шектелип кармалып, 2024-жылдын март айында мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенден кийин бошотулганы маалым болгон.

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар