Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот
Zobolo — Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борборуна айланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Өлкө башчы жаңы калаага өзгөчө макам берилерин белгилеп, анын келечегине токтолду.
«Шаар түштүктөгү негизги логистикалык-транспорттук хабга жана ишкердик борборго айланат», — деди президент.
Жыйында мамлекеттик саясаттын негизги беш принциби аталып, аймактарда жана ар бир райондо жумуш орундарын түзүү зарылдыгы баса белгиленди. Президент белгилеген принциптер:
-
Мамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратеги жана архитектору болушу керек;
-
Ишкерлердин мамлекетке ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эреже болушу шарт;
-
Социалдык саясаттын көңүл чордонунда ар дайым үй-бүлө жана бала турушу зарыл;
-
Ачык-айкын, жоопкерчилик менен салык төлөгөн ишкерлер ар тараптан коргоого алынышы кажет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү