Марлен Маматалиев Түркия парламентинин төрагасы менен жолукту
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Түркия тарап кыргыз спикерин расмий сапар менен барууга чакырды.
Zobolo — Жолугушуу 20-октябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарынын алкагында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Марлен Маматалиев Нуман Куртулмуш баштаган түрк делегациясын Кыргызстанда тосуп алып жатканына кубанычта экенин белгиледи. Ошондой эле буга чейинки жолугушууда көтөрүлгөн маселелерге токтолуп, боордош Түркия менен калыптанган мамилелерди мындан ары чыңдоого Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Нуман Куртулмуш ТүркПАнын жыйындарын жогорку деңгээлде уюштурганы жана көрсөткөн меймандостугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды парламенттик деңгээлде да активдүү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нуман Куртулмуш Марлен Маматалиевди Түркияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Мындан тышкары, тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алмашты.
Жолугушуу Кыргызстан менен Түркиянын достук мамилелерин чыңдоого жана парламенттер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү