Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +12°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
«Ырыс Ордо» имаратынан өрт чыккан жокпу?

«Ырыс Ордо» имаратынан өрт чыккан жокпу?

• 1 мүнөт окуу • 14 көрүү

Zobolo — «Ырыс Ордо» (Конгресс-холл) имаратынын чатырынан түтүн чыккан учурда изоляциялоо иштери жүргүзүлүп жаткан болчу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт өчүргүчтөргө чакыруу 21-октябрда түшкөн. Саат 12:36да окуя болгон жерге эки өрт өчүргүч эсеп, эки автотепкич, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу жана штаб жөнөтүлгөн.

Учурда адистер түтүн чыккан аймакты текшерип жатышат.

«Ал жерде эч кандай өрт болгон жок. Болгон окуянын чоо-жайы такталууда. Кырдаал толук көзөмөлдө», — деп белгилешти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар