Шакира — башталышы гана! Кыргызстанга дагы дүйнөлүк жылдыздар келет
Zobolo — Кыргызстанда мындан ары да дүйнөлүк жылдыздардын концерттери өткөрүлөт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.
18-октябрда «Бишкек Аренада» өткөн Шакиранын концерти 40 миңден ашуун көрүүчүнү чогултту. Билеттерди 36 өлкөнүн жарандары сатып алышкан. Чет өлкөдөн келген көрүүчүлөрдүн саны 10 миңден ашкан.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Шакира — башталышы гана. Алдыда дагы дүйнөлүк жылдыздар жана ири долбоорлор күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, концерт жеке уюштуруучулардын, инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлгөн. Ырчынын гонорарына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.
Кыргызстанга кийинки болуп кайсы дүйнөлүк жылдыз келет?
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү