Кутман күн! Бүгүн күн кайсыл жерде +21° чейин ысыйт?
Zobolo — Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн, 22-ноябрда, жекшемби күнү республиканын айрым аймактарында туман түшүшү күтүлөт. Дем алыш күндөрү жолго чыккан айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жолдордо сак болуу сунушталат.
Күндүз абанын температурасы өлкө боюнча төмөнкүдөй болот:
-
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында: +16…+21°
-
Талас облусунда: +15…+20°
-
Ысык-Көл жана Нарын аймактарында: +6…+11°
Шаарлар боюнча алсак, термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18…+20 градусту, ал эми Ош шаарында +19…+21 градусту көрсөтөт.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү