21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Ажылыкка жиберген компаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Ажылыкка жиберген компаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

• 2 мүнөт окуу • 1 522 көрүү

Zobolo — Бишкек шаардык милициясы «Нур Умра Трэвел» туристтик компаниясынын жетекчисин умра сапарын уюштурууда алдамчылыкка шек санап кармады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова 12-ноябрдан тартып Ташкент шаарында умрага бара жаткан жүздөн ашык кыргызстандыктар камалып калганын билдирген. Анын айтымында, паломниктерге билет берилген эмес, ал эми компаниянын өкүлдөрү кошумча төлөм талап кылышкан.

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги да 60тан ашык жаран Ташкенттин эл аралык аэропортунда учуу кечиктирилгендиктен кыйын акыбалда калганын кабарлаган.

Милициянын текшерүүсү көрсөткөндөй, компания сапарды Өзбекстан аркылуу уюштуруп, паломниктерди «Умра» тиркемесине каттаган эмес. Жарандар видеокайрылуусунда компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар биринен кошумча 100 доллардан талап кылганын айтып чыгышкан.

Муну менен катар Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы аталган компанияга карата ажылык сапарларды уюштурууда мыйзам бузуулар боюнча мурда эки акт түзгөнү аныкталган.

Октябрь райондук ИИБнын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш ишин козгоду. Компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүп, ишеним каттар, жарандардын документтери, акча которуу квитанциялары жана башка материалдар алынды.

Шектүү катары «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын жетекчиси, 1983-жылы туулган М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда баардык жагдайлар, жабыркагандардын чөйрөсү жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда. Компаниянын аракеттеринен жабыркагандар болсо ички иштер органдарына кайрылуу сунушталат.

Бишкек ШИИБД туристтик жана ажылык жолдомолорду сатып алууда компаниянын уруксат кагаздарын текшерип, расмий келишимдерди түзүп, төлөм тастыктамаларын сактоону эскертет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар