21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Сыланкороздонуп чыгып алып, тоңуп калбагыла! 17-ноябрда аба ырайы кандай болот?

Сыланкороздонуп чыгып алып, тоңуп калбагыла! 17-ноябрда аба ырайы кандай болот?

• 1 мүнөт окуу • 1 349 көрүү

Zobolo — Эртең, 17-ноябрда республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок синоптиктер түнкүсүн кескин суук түшүп, эртең менен туман болорун эскертишет.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, өлкөнүн айрым аймактарында температуранын кескин өзгөрүшү байкалат. Аба ырайынын шарттары төмөнкүдөй болот:

  • Бишкек шаары: Түнкүсүн -1...-3° суук болсо, күндүз күн жылып +10...+12° жетет. Жамгыр жаабайт.

  • Чүй облусу: Түнкүсүн -4...+1°, күндүз +9...+14° жылуу.

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары: Түнкүсүн 0...+5° (айрым жерлерде топуракка чейин 0...-2° үшүк жүрөт), күндүз +11...+17° чейин жылыйт.

  • Талас облусу: Түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз +8...+13° жылуу.

  • Ысык-Көл облусу: Түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз +5...+10° жылуу.

  • Нарын облусу: Түнкүсүн -5...-10° кышкы суук болуп, күндүз +3...+8° жылуу болот.

Өлкө аймактарында түнкүсүн жана эртең менен жолдор тоңголок болуп, тайгалак түшүү коркунучу бар. Ошондой эле айрым райондорду коюу туман каптайт.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар