21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
21-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачынсыз, жылуу аба ырайы күтүлөт

21-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачынсыз, жылуу аба ырайы күтүлөт

• 1 мүнөт окуу • 263 көрүү

Zobolo — Эртең, 21-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.

Күндүз Чүй өрөөнүндө +17…+22, Бишкекте +19…+21, Талас облусунда +16…+21, Баткенде +15…+20, Ош жана Жалал-Абад облустарында +16…+21 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда күндүз +7…+12 (Чолпон-Атада +9…+11), ал эми Нарын облусунда +6…+11 градус жылуулук күтүлөт.

Түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, Нарын облусунда -9…-4, Ысык-Көлдө -5…0 (Чолпон-Атада -2…0) градус суук болот. Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8 (Бишкекте +6…+8), Таласта +2…+7, Баткенде +3…+8, Ош жана Жалал-Абад облустарында +4…+9 градус жылуу болот.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар