21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Камила Талиева: Фейсбукта отургандарды текшеребиз

Камила Талиева: Фейсбукта отургандарды текшеребиз

• 1 мүнөт окуу • 3 456 көрүү

Zobolo — «Окуу китеби» басма үйүнүн кызматкерлери жумуш убагында социалдык тармактардан башын көтөрбөй, комментарийлерге жооп жазып отурушат. Бул тууралуу депутат Камила Талиева 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын пикиринде, дал ушундай кайдыгерликтин айынан мектеп китептери боюнча көйгөй чечилбей жатат.

Менин баардык айткандарымды сүзүп өтүшүп, кайсынысы чын, кайсынысы жалган деп жазышат. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү жумуш убагында социалдык тармактарда тынымсыз отуруп, блогер болуп, баарына жооп берип турушу керекпи? — деп нааразы болду депутат.

Өз кезегинде Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева «Окуу китебинин» министрликтин пресс-кызматынан бөлөк өзүнүн өзүнчө маалымат катчысы бар экенин жооп берди.

Бирок Камила Талиева муну менен токтоп калбасын сөз кылды:

Комиссия түзүп, текшеребиз! Фейсбукта комментарий жазгандын ордуна иштесин. Сиздин министрликке 105 миллиард сом же бүткүл өлкөнүн бюджетинин 15 пайызы бөлүндү. Бул — элдин акчасы. Мындай каражат эч качан бөлүнгөн эмес, ошондуктан аны натыйжалуу пайдалануу зарыл, — деди депутат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар