21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Жыныс мүчөнүн кычышуусу эмнеден пайда болот жана эмне үчүн тырмабаш керек? Пайдалуу кеңеш

Жыныс мүчөнүн кычышуусу эмнеден пайда болот жана эмне үчүн тырмабаш керек? Пайдалуу кеңеш

• 2 мүнөт окуу • 245 көрүү

Zobolo — Жыныс мүчө көптөгөн себептерден улам кычышышы мүмкүн. Бул белги көбүнчө кечки маалда же түнкүсүн күчөйт. Кычышуу учурунда тырмап коюп жүрө берсеңиз, ал абалды ого бетер оорлотуп, олуттуу ооруларга алып келиши ыктымал.

Кычышуунун негизги себептери

Жыныс мүчөгө түрдүү инфекциялар киргенде кычышуу жаралат. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Глисталык инвазия;

  • Кандидоз грибогу;

  • Молочница;

  • Жыныстык жактан жукчу оорулар;

  • Геморрой.

Инфекция жыныс мүчөгө түшкөндөн кийин сезгенүү процесси жүрүп, суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Мындан тышкары, кычышуу башка себептерден да келип чыгышы мүмкүн:

  • Стресс;

  • Аллергия;

  • Гормоналдык бузулуулар;

  • Онкологиялык оорулар;

  • Кант диабети;

  • Антибиотиктерди колдонуу;

  • Иммунитеттин түшүп кетиши жана башкалар.

Тырмап жүрүү кандай кесепеттерге алып келет?

Кычышууга карабай тырмап коюп жүрө берсеңиз, төмөнкү оорулар өрчүп кетиши мүмкүн:

  • Вульвит;

  • Кандидоз;

  • Сальпингоофорит;

  • Эндометриоз;

  • Тукумсуздук.

Качан тезинен дарыгерге кайрылуу керек?

Эгер кычышуу менен кошо төмөнкү белгилер байкалса, кечиктирбестен гинекологго кайрылыңыз:

  • Жыныс мүчөнүн ачышуусу;

  • Заара ушатканда оорутуу;

  • Жыныс мүчөнүн эринчелеринин шишиши, бүдүр-бүдүр болуп кызарып чыгышы.

Кычышууну тажрыйбалуу гинеколог гана туура дарылай алат.

Эмнелерге тыюу салынат?

Көйгөйгө туш болгондо төмөнкүлөрдү жасоого болбойт:

  • Өз алдынча дарыланууга;

  • Дос же туугандардын кеңешине таянууга;

  • Дарыкана сатуучусу сунуштаган дарыларды колдонууга.

Өз алдынча дарылануу натыйжа бербейт.

Дарылануу маалында эмнелерди сактоо зарыл?

Дарылануу жүрүп жатканда төмөнкү эрежелерди аткаруу сунушталат:

  • Таттуу, ачуу жана туздуу тамактардан баш тартуу же алыс болуу;

  • Жыныстык катнашты чектөө;

  • Синтетикалык ич кийимдерди кийбөө;

  • Жеке гигиенаны сактоо;

  • Ромашка же башка чөптөр менен жыныс мүчөнү чайкоо;

  • Бутту жылуу кармоо;

  • Нерв болбоо.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар