Кумшекердин ордуна бал колдонуу канчалык пайдалуу?
Zobolo — Салмагыңызды бир калыпта кармап, толуп кетпөөнү кааласаңыз, кумшекердин ордуна бал колдонууга болот. Диетологдордун айтымында, балдын курамы жана касиети төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
-
Калориясы азыраак: Балдын калориясы кумшекерге караганда 70 ккал төмөн.
-
Пайдалуу витаминдерге бай: Бал жөнөкөй углеводдордон турса да, анын курамында В тобундагы витаминдер, темир жана марганец бар. Булар организмдин карылык менен күрөшүүсүнө жана жалпы саламаттыкты сактоого көмөктөшөт.
-
Табигый колдоо: Байыркы замандан бери бал антибиотиктин милдетин аткарып, айрыкча кооптуу учурларда (мисалы, кош бойлууларга же балдарга кадимки антибиотиктер туура келбегенде) жардамга келген.
Көңүл буруучу маанилүү эрежелер:
-
Күнүмдүк норма: Суткасына 6 чай кашыктан ашык жебеш керек. Эң оптималдуусу — күнүнө 2 чай кашык көлөмүндө суусундуктарга же тамак-ашка кошуп колдонуу;
-
Кимдерге болбойт? Кант диабетинен жабыркагандар жана балга аллергиясы бар адамдар бул азыктан баш тартканы оң.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү