Сиз дагы той-топурдагы кошумчадан чарчадыңызбы?
Zobolo — Тойго барганда баарыбыз эле жакшы тилек менен эки жаштын же үй-бүлөнүн кубанычын тең бөлүшөлү деп барабыз.
Той — адамдарды бириктире турган, сагынышкандарды көрүштүрө турган, алысты жакындата турган эң сонун салт. Бирок соңку жылдары ошол кубанычтын ичине «кошумча» деген нерсе жөнөкөй көңүл буруудан өтүп, көпчүлүк үчүн оор түйшүккө, атүгүл ички санаага айланып бара жаткандай сезилет.
Айрыкча той-топур күчөгөн маалда бир айда бир нече чакыруу түшөт. Ар бирине баруу жөн эле убакытты эмес, каражатты да, күч-кубатты да талап кылат. Эң кызыгы, көп учурда ичибизден «Ушул жолу барбай эле коёлучу, шарт деле жок болуп турат» деп ойлойбуз, бирок сыртыбыздан «Таарынып калбайбы...» деген чочулоо менен баягы эле үйрөнүшүп калган калыпка түшөбүз.
Бул жерде эки оттун ортосунда калган абал бар. Бир жагынан жакыныңды таарынткың келбейт, экинчи жагынан өз чөнтөгүңдүн, үй-бүлөңдүн шартын, бала-чаканын муктаждыгын да ойлойсуң.
Кээде тойго чын дилден кубанганы эмес, «бербесем болбойт» же «барбасам сөз болот» деп милдет катары барып калган учурлар оголе көп.
Балким, маселе тойдо же салтта эмес, биздин мамиледе жана күтүүлөрүбүздө чыгаар. Салт өзүнөн өзү жаман эмес, ал адамга жөлөк, биримдик болуш үчүн жаралган. Бирок ал «Ким канча берди?» деген сөз жарышка айланып кеткенде, салт чыныгы маанисин жоготот.
Бизге мынча сом алып келген, биз да ошончо сом алып баралы деген эсеп-кысапты токтотуп, абалга жараша бөлүшөлү дегенге өтсөк, мамиле да, той да жеңилдемек.
Адамдын колунда бар кезде берээри көп болот, жок кезде же шарты оор болуп турганда аз болот. А болбосо, башка жол менен колдоо көрсөтөт. Бул кадыресе көрүнүш. Эгер кошумча «алыш-бериш» эмес, чын жүрөктөн чыккан бата жана колдоо катары кабыл алынса, берген адам да кыйналбайт, алган адам да эсеп-кысапка байланбайт.
Ар ким өз чама-чаркына карап, карызга батпай, бири-бирин таарынтпай мамиле кылса үй-бүлөдө да тынчтык, эл ичинде да береке болот. Анткени, чыныгы жакындык конверттеги сумма менен эмес, жакшы тилек, жылуу сөз жана бири-бирине болгон түшүнүү менен өлчөнөт.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү