Кароосуз калган малдын айынан 60 адам жаракат алып, 5 киши каза болду
Zobolo — Үстүбүздөгү жылдын 10 айында республиканын жолдорунда малдын кесепетинен бир катар жол кырсыктары катталып, 60 киши ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Ведомство малды кароосуз калтырган же жолдо айдап бара жатып авариялык кырдаал жараткан чабандарга жана ээлерине 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин айып пул салынарын эскертет.
Эгер жол кырсыгы катталып, автоунаа жабыркаса, келтирилген материалдык чыгымды толугу менен малдын ээси төлөп берүүгө милдеттүү. Ал эми кырсыктын кесепетинен адамдар жаракат алса же каза болгон учурлар катталса, мал ээсине карата мыйзам чегинде кылмыш иши козголушу мүмкүн.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү