Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo — Чүйдө кум-шагыл казып алуу менен алектенген ишкерлерден 100 миң доллар талап кылган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка караганда, багбанчылык шериктигинин төрагасы досу менен бирге кум-шагыл казып алуу боюнча мыйзамдуу иштеп жүргөн ишкерге «кыйынчылыктарды жаратарын» айтып коркутуп, 100 миң доллар талап кылган.
17-ноябрда „Опузалап талап кылуу“ беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында талап кылынган каражаттын 30 миң долларын алып жатканда 37 жаштагы Ж.У.К. жана анын 57 жаштагы таанышы К.Т.М. кармалды, — деп айтылат билдирүүдө.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин башка жагдайлары жана тиешеси бар башка адамдар такталууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү