18 жаштагы боз улан эки окуучу кызды өлтүрө сүзүп кетти
Zobolo — Ош облусунда жол кырсыгынан 7 жана 12 жаштагы бир тууган эки кыз көз жумду. Бул тууралуу аймактык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 17-ноябрь күнү эртең менен Ош — Сары-Таш — Иркештам унаа жолунун 5-чакырымында, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында болгон.
Кыздарды 18 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен. Алган оор жаракаттарынан улам алар Ош облустук ооруканасына жеткирилген, бирок 18-ноябрь күнү ооруканада жан беришкен.
Аталган факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, унаа айып короосуна коюлду.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
229
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү