Камила Талиевадан тил уккан Жанар Акаевди эки депутат жоошутуп, таламын талашып чыгышты
Zobolo — Депутат Кубанычбек Самаков буга чейин Камила Талиева сындаган Ош шаарынын мэри Жанар Акаевди жактап сүйлөдү. Бүгүн, 18-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында ал бир гана депутаттын пикири бүтүндөй парламенттин көз карашын билдирбестигин белгиледи.
Тескерисинче, Жанар Акаев шаарда болуп жаткан башаламандыкты мыйзам чегинде чечип жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосунда эч кандай интригалар болгон эмес, — деди Самаков.
Ал ошондой эле 2025-жылдын жыйынтыгы менен Ош тургундарына 11,5 миллиард сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилиши керектигин эскертип, бул каражат бюджетте каралганбы же жокпу деген суроону койду.
Жанар Акаев Ош шаарында 1,123 үйлөр жана 628 коммерциялык объекттер бузулганын маалымдады.
Биз 2 миңден ашык жаранга бул каражатты төлөп бере албайбыз, анткени бул абдан чоң акча. Бирок биз кытайлык компанияга жер бөлүп бердик, алар көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат, анда жарандарга турак жай берилет. Мындан тышкары, жакында министрлер кабинети көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн 3,5 гектар жерди трансформациялады. Алардын биринчи кабаттары коммерциялык объектилерин жоготкондорго бизнес үчүн берилет, — деп түшүндүрдү шаар мэри.
Самаковдун пикирин депутат Нилуфар Алимжанова да колдоого алды. Анын айтымында, ал Жанар Акаев менен бир чакырылышта бирге иштешип, анын кандай адам жана жетекчи экенин жакшы билет.
Ошко барып келиңиздер, көптөн бери ал жакта боло электер барып, шаардын кандай өнүгүп жатканын көрүңүздөр. Шаар жашылданды, көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда, атүгүл атмосфера өзгөрдү. Ошондуктан мен жеке өзүм аны колдойм, — деп баса белгиледи депутат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү