Чындыкты бетке айталы! Камила Талиева Жанар Акаевди ыйлатып коё жаздады
Zobolo — Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Камила Талиева Ош шаарынын мэри, мурдагы депутат Жанар Акаевдин ишмердүүлүгүн сынга алып, «Чындыкты бетке айталы» деди. Депутат өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
Кыргызда «Ичкен кудугуңа түкүрбө» деген керемет сөз бар. Бүгүн Жанар мырза келитир... Мен буга чейин эч кимге айтпадым эле, эми жалпы кыргыз эли билсин. Биз бюджет комитети 13-октябрда көчмө жыйынга барганбыз. Барганыбызда интригалуу оюнга кабылдык. Жанар мырза жыйындарында «Депутаттарды укпагыла» деп байма-бай айтып жатат. «Депутаттар кадрды койгондо мага айткыла, мен минтем, анан тигинтемин» деп жатат. Кана, ушул жерде отурган депутаттардын кимиси Ош облусу боюнча же Ош шаарына кадрларын койдуруп жатат, алардын аты-жөнүн айтсын!
Мисал үчүн, мен бир да жолу өч алганым жок. Кабинетине кирип, мэр болушу менен куттуктап коёюн деп калпагымды көтөрүп баргам. Оштон келгенден кийин «Шакиевдин 25 депутаты барды» деп блогерлердин баары байма-бай жазып жатышты. Жанар мырза төрөлө электе мен Ош шаарында окуп жүргөм, студенттик күндөрүм өткөн. Ош менин да шаарым! Эмне, Жанар Акаевди Ош шаарынын ханы кылып шайладыңар беле? Биздин Жогорку Кеңешти шал кылуу саясаты жүрүп жатат. Жанар мырза саясий жактан да даяр эмес экен.
Мага жеткен маалыматтар боюнча, азыр Ош шаарында эртеңки шайлоого өзү жеке штабдарды ачып, «Мен чечем» дегендин аракетинде жүрөт. Ушуну карагыла! Урматтуу төрага, ар бир депутаттын статусуна, укугуна жооп берүүгө сиз милдеттүүсүз да, туурабы? Бул мэрдин кылган саясатын кандай деп түшүнсөк болот? Артыбыздан блогерлерине «Шакиевдин депутаттары» деп жаздырып жатты. А Шакиевдин эң жакын адамы, күнү-түнү анын жанында жүргөн аппарат башчысы болчу. 8-чакырылышка жаңы келгенде Аксыдагы бүт отурушту уюштурган өзү. Мен кат алмашууларын дагы көрдүм. Чындыкты бетке айталы! Блогерлери толтура экен, аларына шыбатып эле жаздырып жатат, — деди Камила Талиева.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү