21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады

Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады

• 1 мүнөт окуу • 180 көрүү

Zobolo — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Салыктык башкаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга, санариптик технологияларды киргизүүгө жана салык жол-жоболорун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча жумушчу консультацияларды өткөрүүнүн жана практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар