21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Желпилдеп жеңил кийинбей, жылуу кийингиле! 18-ноябрдын аба ырайы бизди алдайбы?

Желпилдеп жеңил кийинбей, жылуу кийингиле! 18-ноябрдын аба ырайы бизди алдайбы?

• 1 мүнөт окуу • 1 232 көрүү

Zobolo — Эртең, 18-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, түн ичинде жана эртең менен айрым жерлерди туман каптайт. Шамал батыш тараптан секундасына 4–9 метр ылдамдыкта согот.

Аймактар боюнча абанын күндүзгү температурасы:

  • Бишкек шаары: түнкүсүн -1…-3°, күндүз +11…+13° жылуу.

  • Чүй облусу: түнкүсүн -1…-6°, күндүз +10…+15°.

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары: түнкүсүн 0…+5°, күндүз +12…+17°.

  • Талас облусу: түнкүсүн -2…-7°, күндүз +9…+14°.

  • Ысык-Көл облусу: түнкүсүн -2…-7°, күндүз +7…+12°.

  • Нарын облусу: түнкүсүн -6…-11°, күндүз +3…+8°.

  • Тоолуу райондордо: түнкүсүн -10…-15°, күндүз 0…-5° суук болот.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар