23 Ноябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.47 +0,02% EUR 96.00 +0,03% RUB 1.07 +0,11% KZT 0.1919 -1,24%
Соңку билдирүүлөр
Күндө күчтүү жарылуулар токтодубу? Жыл аягына чейинки божомолдор айтылды

Күндө күчтүү жарылуулар токтодубу? Жыл аягына чейинки божомолдор айтылды

• 1 мүнөт окуу • 287 көрүү

Zobolo — Жыл аягына чейин Күндө магниттик бороондорго себеп болгон өтө күчтүү жарылуулар болбойт. Күндүн абалы эки айдан бери тынч турат. Бул тууралуу РИА Новостиге орусиялык окумуштуу Сергей Богачев билдирди.

Анын айтымында, соңку эки айда Күндө орточо деңгээлдеги гана майда жарылуулар болуп жатат. Ал эми эң кубаттуу жарылуу соңку ирет июль айында катталган.

Эгер буга акча коюп мелдеше турган болсок, мен ушул жыл тынч аяктайт дегенге коёр элем, — деди адис

Ошол эле учурда окумуштуу бир нече жума алдыга так айтуу кыйын экенин белгиледи. Азырынча тынч болот деген божомол күчтүү болгону менен Күндө каалаган убакта күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар