23 Ноябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.47 +0,02% EUR 96.00 +0,03% RUB 1.07 +0,11% KZT 0.1919 -1,24%
Соңку билдирүүлөр
Instagram жарыяланган Stories’ти оңдоого уруксат берди

Instagram жарыяланган Stories’ти оңдоого уруксат берди

• 1 мүнөт окуу • 340 көрүү

Zobolo — Instagram жарыялангандан кийин да Stories’ти түзөтүү функциясын киргизди. Эми колдонуучулар окуяны жайгаштыргандан кийин 15 мүнөттүн ичинде текстти, музыканы, стикерлерди жана чиймелерди өзгөртө алышат. Бул тууралуу Instagram башчысы Адам Моссери билдирди.

Мурда тамга катасын оңдоо же унутулуп калган музыканы кошуу үчүн Stories’ти толугу менен өчүрүп, башынан жасоого туура келчү.

Кантип өзгөртүүгө болот?

Жарыяланган Stories’ти оңдоо үчүн:

  1. Окуяны ачыңыз;

  2. Экрандын төмөнкү оң бурчундагы үч чекит белгисин басыңыз;

  3. Edit Story пунктун тандаңыз.

Мындан тышкары, Instagram стикерлер үчүн жаңы шрифттерди, түстөрдү жана формаларды сунуштады.

Ошондой эле, бир нече сүрөттү тандоо интерфейси жаңыртылып, Stories’ке кошумча бүдөмүктөтүү (размытие), түстүү жана градиенттик фондор кошулат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар