27 Октябрь Бишкек +7°
Курстар USD 87.48 -0,01% EUR 97.86 -0,21% RUB 1.08 -0,15% KZT 0.1938 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Кубанычбек Самаков Ат-Башынын «Таза суу» долбоору менен жеринде таанышты

Кубанычбек Самаков Ат-Башынын «Таза суу» долбоору менен жеринде таанышты

• 2 мүнөт окуу • 17 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Нарын облусунун Ат-Башы районуна жасаган иш сапарынын алкагында Ат-Башы айыл аймагындагы «Таза суу» долбоорунун жүрүшү менен жеринде таанышты.

Эл өкүлү Ат-Башы айылынын тургундары менен жолугушуп, анда жергиликтүү бийлик органдарынын, айылдык кеңештин жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Жолугушуунун негизги маселеси Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун абалын талкуулоо болду.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы 700 млн сомдон ашат. Каржылоо Азия өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында жалпысынан 86,9 чакырым суу түтүгүн тартуу пландалган. Бирок жолугушуу маалында тургундар бир катар көйгөйлөрдү ортого салышып, казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканына, курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына олуттуу нааразычылыктарын билдиришти. Ошондой эле кудуктардын абалы жана тендерден үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу багытындагы суроолор көтөрүлдү.

Тургундардын баардык кайрылууларын кунт коюп уккан депутат Кубанычбек Самаков подряддык уюмдардын өкүлдөрүнө кескин талаптарды койду:

  • Курулуш иштерин кечиктирбей, техникалык талаптарга толук ылайык жүргүзүү;

  • 2026-жылдын 5-ноябрына чейин тиешелүү милдеттенмелерди алуу;

  • Казылган көчөлөрдү өз убагында калыбына келтирип, грейдер менен тегиздөө;

  • Иштин сапатын жана ылдамдыгын жогорулатуу үчүн тартылган техниканын санын көбөйтүү.

Ошону менен катар, жергиликтүү бийлик органдарына курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.

Элди таза суу менен камсыз кылуу — эң маанилүү мамлекеттик маселелердин бири. Андыктан долбоордун сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды бердим, — деди депутат Кубанычбек Самаков.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар