24 Октябрь Бишкек +2°
Курстар USD 87.49 -0,01% EUR 98.00 -0,16% RUB 1.08 +0,26% KZT 0.1946 -0,20%
Соңку билдирүүлөр
Садыр Жапаров камактагы донорго ырайым береби?

Садыр Жапаров камактагы донорго ырайым береби?

• 1 мүнөт окуу • 230 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров Жала-Абад облусунун Аксы районунун тургундары менен жолугушууда экстремизм боюнча соттолуп, абакта отурган кишиге ырайым берүү маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тиешелүү тараптарга тапшырды.

Буга чейин жергиликтүү тургун мамлекет башчыга кайрылып, Россияда негизсиз соттолуп, быйыл Кыргызстанга экстрадицияланган иниси абакта жатканын айткан. Ошондой эле ал иниси оорулуу агасына бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр экенин билдирген.

Садыр Жапаров арыз жазууну сунуштап, операциянын чыгымын мамлекет толугу менен көтөрөрүн баса белгиледи. Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 4,5 миңдей адам гемодиализ алып, мамлекет ар бирине жылына 15 миң доллар коротот. Ал эми бөйрөк алмаштыруу жана бейтапты калыбына келтирүү 7,5–8 миң долларга гана турат. Жолугушууда акыркы төрт жылда 105 кишинин бөйрөгү алмаштырылганы маалымдалды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар