24 Октябрь Бишкек +2°
Курстар USD 87.49 -0,01% EUR 98.00 -0,16% RUB 1.08 +0,26% KZT 0.1946 -0,20%
Соңку билдирүүлөр
Айбек Алтынбеков Базар-Коргондогу жер тилкелерин мыйзамсыз алганы калппы?

Айбек Алтынбеков Базар-Коргондогу жер тилкелерин мыйзамсыз алганы калппы?

• 1 мүнөт окуу • 19 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы 13 гектар жерди жана мурдагы колхоз базарын мыйзамсыз ээлеп алды деген айыптоолорду четке какты.

Депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берип, аталган жер тилкеси 2000-жылы апасы мүчө болгон коомдук уюмга берилип, кийин менчикке өткөнүн, ал жерде кыш заводу курулуп, 60ка жакын адам иштээрин билдирди. Ал эми мурдагы колхоз базарынын имараттары аукцион аркылуу мыйзамдуу түрдө сатып алынганын белгиледи. Ошондой эле ал райондогу кадрдык дайындоолорго кийлигишпей турганын айтты.

Айта кетсек, 22-октябрда президент Садыр Жапаровдун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун депутаттын дарегине жер тилкелерин мыйзамсыз иштетип жатканы тууралуу дооматтарды айткан. Президент бул маселени текшерип, мыйзам чегинде чара көрүүнү прокуратурага тапшырган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар