Сыймык Жапыкеев эмне үчүн президент болгусу келет?
Zobolo — Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Сыймык Жапыкеев мамлекеттик тил боюнча «Кыргызтест» сынагынан ийгиликтүү өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 24-октябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, октябрь айынын башында Жапыкеев биринчи аракетте жазуу бөлүмүнөн жетиштүү балл топтой албай калган. 21-октябрда ал кайрадан сынакты ийгиликтүү тапшырганын маалымдады.
Эске салсак, буга чейин ал милиция бөлүмүнө мас абалында жеткирилип, кийин бошотулганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Айта кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо келээрки жылдын 27-январына туш келет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү