Япония менен тарыхый кадамдар: Марлен Маматалиев Токиодо кимдер менен жолугушту?
Zobolo — Жогорку Кенештин Төрагасы Марлен Маматалиев Японияга расмий сапарынын алкагында бүгүн, 23-октябрда Япония Парламентинин Сенатынын Төрагасы Масакудзу Сэкигути менен жолугушту.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык мамилелерине 34 жыл толгонун белгилеп, JICA агенттигинин долбоорлоруна ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Торага япон тарапты келээрки жылы Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырып, Кыргызстандын тоо экосистемаларын сактоо боюнча демилгелерин колдоого чакырды. Өз кезегинде Масакудзу Сэкигути Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү