Мектептин жерлерин жеке менчикке таратып жиберишкен. Садыр Жапаров прокуратурага тапшырма берди
Zobolo — Президент Садыр Жапаров 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда коррупция кайнап турган мезгилде мектеп, бала бакча жана ооруканалардын жерлери жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин билдирди.
Жолугушууда тургундардын бири 2012-жылы мектептин аймагынан жер тилкесин сатып алып үй-бүлөлүк бизнес ачканын, бирок бардык документтери турганына карабай прокуратура сотко кайрылганын айтып кайрылды. Учурда бул иш кайрадан сотто каралып жатканын уккан Мамлекет башчысы: "Коррупция кайнап турган кезде ушинтип мектеп, бала бакча, ооруканалардын жерлери бериле берген. Прокуратура көзөмөлгө алып, бул ишти карап көргүлө. Кандай мүмкүнчүлүктөр бар, ошого жараша карагыла", — деп тиешелүү органдарга тапшырма берди.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү