24 Октябрь Бишкек +2°
Курстар USD 87.49 -0,01% EUR 98.00 -0,16% RUB 1.08 +0,26% KZT 0.1946 -0,20%
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте  6 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калат

Бишкекте 6 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калат

• 1 мүнөт окуу • 174 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарында электр энергиясына карызы бар 6 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт.

Энергетикалык компаниянын маалыматына караганда, 26-октябрдан тартып карызын төлөбөгөндөрдүн жарыгы «акылдуу эсептегичтер» аркылуу аралыктан өчүрүлө баштайт. Жарыксыз калбоо үчүн карызды бүгүн төлөө зарыл.

Карыздын бар-жогун «Бишкек электр тармактары» ишканасынын сайтынан же «Мой свет» тиркемесинен текшерип, төлөмдөрдү банктык тиркемелер, электрондук капчыктар жана терминалдар аркылуу жүргүзүүгө болот.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар