24 Октябрь Бишкек +2°
Курстар USD 87.49 -0,01% EUR 98.00 -0,16% RUB 1.08 +0,26% KZT 0.1946 -0,20%
Соңку билдирүүлөр
КОҢГУРОО: Кыргызстанда үшүк жүрүп, абанын температурасы кескин төмөндөйт

КОҢГУРОО: Кыргызстанда үшүк жүрүп, абанын температурасы кескин төмөндөйт

• 1 мүнөт окуу • 19 көрүү

Zobolo — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн жана эртең, 24–25-октябрда өлкөнүн аймагында үшүк жүрөрүн кабарлап, дыйкандарга шашылыш эскертүү жарыялады.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, облустарда абанын температурасы төмөнкүчө төмөндөйт:

  • Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында —1…—3 градуска чейин суук түшөт;

  • Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда абанын температурасы —3…—5 градуска чейин төмөндөйт;

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…—2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

«Мындай аба ырайы мөмө жана жашылча жемиштерге, ошондой эле казылып алынган жана жабылбаган картошка менен кант кызылчасына кооптуу», — деп эскертти Кыргызгидромет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар