Кара-Жыгачта 15 миң көчөт отургузулду
Zobolo — Бишкектеги Каражыгач токоюнда «Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY» деп аталган экологиялык фестиваль өтүп, бир нече көчөт тигилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ыктыярчылар жана шаар тургундары катышты.
«Акциянын жүрүшүндө 15 миң түп кара жыгачтын көчөтү отургуzuldu. Алардын жерге жакшы тамыр алышын камсыз кылуу максатында сууга аралаштырылган биогумус колдонулду», — деп билдиришти мэриядан.
Иш-чарада майыптыгы бар адамдардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулуп, алар да бак отургузууга үлүшүн кошушту. Бул кадам экологияны коргоо иштерине коомдун бардык катмары катышууга тийиш экенин жана инклюзивдүүлүк маанилүү экенин көрсөттү.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү