24 Октябрь Бишкек +2°
Курстар USD 87.49 -0,01% EUR 98.00 -0,16% RUB 1.08 +0,26% KZT 0.1946 -0,20%
Соңку билдирүүлөр
Аскат Жетигендин саясатка келүүсүнө эмне түрткү болду?

Аскат Жетигендин саясатка келүүсүнө эмне түрткү болду?

• 1 мүнөт окуу • 312 көрүү

Zobolo — Белгилүү ырчы, комузчу жана жарандык активист Аскат Жетиген мындан аркы ишмердүүлүгүн саясий позициянын алкагында улантарын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал саясат аркылуу кыргыздын салттуу музыкасын, маданиятын жана тарыхын өнүктүрүп, дүйнөгө жайылтууга басым жасай турганын белгиледи. Ошондой эле буга чейин бийликтин айрым чечимдерин кескин сындап келгенин эске салып, келечек жаштардыкы экенин айтып өттү.

Эске сала кетсек, Аскат Жетиген буга чейин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айыпталып, үч жылдык жаза мөөнөтүн Чүйдүн Молдовановка айылындагы колонияда толук өтөп, жакында гана эркиндикке чыккан болчу.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар