27 Октябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.48 -0,01% EUR 97.86 -0,21% RUB 1.08 -0,15% KZT 0.1938 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Батма Жолболдуева акталып, Садыр Жапаровдон белекке батир алды

Батма Жолболдуева акталып, Садыр Жапаровдон белекке батир алды

• 1 мүнөт окуу • 93 көрүү

Zobolo — Баткен облусунан борбор калаага чейин жөө жүрүш баштап, өлкө башчысынан жеке маселесин чечип берүүнү талап кылган активистка Батма Жолболдуеваны бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда буга чейинки анын мойнуна илинген кылмыш иштеринен актоо маселеси каралып, ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан бир бөлмөлүү батир белек кылынды.

Эске салсак, буга чейин Жолболдуева Баткен облусунан борбор калаага карай жөө жолго чыкканы кабарланган. Жолдо бара жатканда облустук администрациянын өкүлдөрү жолугуп, маселени мыйзамдуу жол менен чечүү жолдорун түшүндүрүп, жөө жүрүшүн токтотууну суранышканы менен Жолболдуева буга макул болбой, сапарын уланта берген. Президенттик администрация тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгып, натыйжада бүгүн анын президент менен жеке жолугушуусу уюштурулду.

Айта кетсек, Батма Жолболдуева буга чейин укук коргоо органдарынын аракетсиздигине жана кабылган оор жагдайларга байланыштуу даттанып келген. Аймактык бийлик өкүлдөрү анын маселеси негизинен укук коргоо органдарынын компетенциясына кирерин билдирип келишкен.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар