Маркумдун агасы милициянын «суицид» деген версиясын жокко чыгарды
Zobolo — Аксы районунун Жерге-Тал айылынын Акылбек аттуу тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылып, 25 жаштагы карындашынын өлүмүн адилеттүү жана калыс иликтөөнү суранды. Ал карындашын күйөөсү өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп эсептейт.
Окуя ушул жылдын 10-июлунда Чаткал районунда болгон. Маркумдун агасынын айтымында, тергөөчү "денеден зомбулук издери табылган эмес" деген шылтоо менен бул окуяны "өзүн-өзү өлтүрүү" катары баалап, апасы менен кичүү инисинен тосмо арыз жаздырып алган. Кийинчерээк соттук-медициналык экспертиза анын канынан баңгизат жана алкоголь табылганын көрсөткөн. Маркумдун агасы бул версияга толук каршы экенин билдирип, бул маалыматты четке какты.
Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов окуя боюнча маалымат берип, кылмыш иши козголгонун билдирди:
10-июлда аялдын өзүн-өзү өлтүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде маркум жоолук менен обогревательге асылып калганы аныкталган. Учурда маркумдун күйөөсүнө карата өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кошумча экспертизалар дайындалды. Күйөөсү камакка алынды, — деди ал.
Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнө бул ишти кылдаттык менен иликтөөнү, ал эми сотко маселени катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү