26 Октябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.49 EUR 98.06 RUB 1.08 KZT 0.1933
Соңку билдирүүлөр
Пенсия курагындагы кызматкерлерди иштен алуу үчүн Эмгек кодекси өзгөртүлөбү?

Пенсия курагындагы кызматкерлерди иштен алуу үчүн Эмгек кодекси өзгөртүлөбү?

• 1 мүнөт окуу • 113 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда пенсия курагындагы мугалимдер жаш адистерге орун бошотпой жатканы тууралуу көтөрүлгөн маселеге токтолду.

Жолугушууда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева учурдагы Эмгек кодекси педагогдорду жашына байланыштуу гана жумуштан бошотууга жол бербей турганын, айрым учурларда жумуштан алынгандар сот аркылуу кайра кызматына кайтып келип жатканын түшүндүрдү.

Өз кезегинде мамлекет башчысы бул маселени мыйзам чегинде чечүү зарылдыгын белгиледи.

Эгерде жаш мугалимдер жумуш күтүп жатса, маселени мыйзам чегинде чечүү керек. Анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Бул маселени Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыккыла, — деди Президент Садыр Жапаров.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар