Токтогул районунда соңку жылдары кандай өзгөрүүлөр болду? Президент отчет менен таанышты
Zobolo — Президент Садыр Жапаров 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана келечектеги пландар менен таанышты.
Мамлекет башчысына маалымдалгандай, белгиленген мезгил аралыгында райондун экономикалык көрсөткүчтөрү өсүп, инвестициялык активдүүлүк жогорулаган:
-
2021-жылы — 2 млрд 575 млн сом;
-
2022-жылы — 3 млрд 120,8 млн сом;
-
2023-жылы — 2 млрд 523,8 млн сом;
-
2024-жылы — 2 млрд 48,8 млн сом;
-
2025-жылы — 3 млрд 902,1 млн сом;
-
2026-жылдын жыйынтыгы боюнча — 3 млрд 980,1 млн сом инвестиция тартуу пландалууда.
Ишканалар жана инфраструктура Райондун аймагында 215 жаңы ишкана ачылып, 1 576 жумуш орду түзүлдү. Алардын арасында 58 өнөр жай ишканасы, 9 туристтик объект, 17 айыл чарба ишканасы, 1 логистикалык борбор, 46 коомдук тамактануу жана 36 соода объектиси бар.
2026-жылы 2 бетон заводу, 2 чакан ГЭС жана туристтик багыты бар балык чарбасы ишке киргизилди. Жалпысынан 2021–2026-жылдары 50 объект пайдаланууга берилди (анын ичинде 7 мектеп, 5 бала бакча, маданият үйү, спорт комплекстери жана таза суу долбоорлору).
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,376 млрд сомдон ашык каражат багытталды:
-
100 орундуу оорукана — 230 млн сом;
-
Балдарды реабилитациялоо борбору — 130 млн сом;
-
1000 окуучуга ылайыкталган мектеп — 450 млн сом;
-
11 чакырымдык таза суу системасы — 115,9 млн сом;
-
16,4 чакырым ички көчөлөрдү асфальттоо — 320,9 млн сом;
-
140 орундуу бала бакча — 130 млн сом.
Автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо:
-
Токтогул — Беш-Таш (53 чакырым) — 1,65 млрд сом;
-
Үч-Терек — Жетиген (6,5 чакырым) — 50 млн сом;
-
Төркөн — Толук (7,8 чакырым) — 28,8 млн сом;
-
Үч-Терек — Бууракан (5 чакырым) — 36 млн сом.
Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 3 мектеп, 3 бала бакча, музыкалык мектеп жана спорт комплекси курулуп жатат. Ал эми 2030-жылга чейин 9 мектеп, 20 бала бакча, 2 оорукана, 5 ФАП, 5 спорт зал, таза суу боюнча 18 долбоор, 11 сугат каналы жана жаңы муниципалдык базар куруу мерчемделүүдө.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү