26 Октябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.49 EUR 98.06 RUB 1.08 KZT 0.1933
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстанда КРИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өстү

Кыргызстанда КРИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өстү

• 1 мүнөт окуу • 14 көрүү

Zobolo — 19–25-октябрь күндөрү өлкө боюнча курч респиратордук вирустук инфекция (КРИ) жана сасык тумоо менен ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 15,7 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүлбара Ишенапысова маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, катталган оорулуулардын дээрлик 69 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Республика боюнча жалпы 2 миң 374 мектеп иштейт, анын ичинде 242си жеке менчик мектеп. Аларда 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Учурда мектептерге жана бала бакчаларга катышуу боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. 43-жумада орточо эсеп менен балдардын 3,4 пайызы мектепке, 6,7 пайызы бала бакчага барган эмес, — деди Ишенапысова.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар