Астанадагы Дүйнө чемпионаты: Бүгүн 4 балбаныбыз килемге чыгат
Zobolo — Бүгүн, 24-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында чоңдор арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгач килемге грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 55, 60, 77 жана 82 килограммга чейинки салмактарда күч сынашууда.
Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын улуттук курама командасынын төрт балбаны килемге чыгат:
-
55 кг чейин: Кутман Калбаев алгачкы беттешин украиналык Кориун Саградянга каршы өткөрөт.
-
60 кг чейин: Курманбек Жапаров мелдешти 1/16 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы — Индиянын өкүлү Харш.
-
77 кг чейин: Ырыскелди Максатбек уулу 1/8 финалга чыгуу үчүн германиялык балбан Сэмюэл Бельшайдт менен беттешет.
-
82 кг чейин: Акжол Махмудов 1/16 финалда египеттик балбан Эмад Ашраф Абу-Латта менен күч сынашат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү