Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +12°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
Онкология борборуна 2,5 миллиард сом бөлүнөт

Онкология борборуна 2,5 миллиард сом бөлүнөт

• 1 мүнөт окуу • 124 көрүү

Zobolo — Улуттук онкология жана гематология борборуна мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин медициналык мекеменин жылдык бюджети 200 миллион сомдун тегерегинде гана болуп, бул каражат химиотерапиянын кымбат дарыларына жумшалчу.

«Дүйнөдө көптөгөн таргеттик препараттар чыгууда, бирок алардын баасы өтө кымбат. Бардык бейтаптарды дары-дармек менен толук камсыз кылуу үчүн орто эсеп менен 7-7,5 миллиард сом керек. Быйыл Онкология борборунун бюджети бир миллиард сомдун тегерегинде болсо, президенттин чечими менен биринчи жолу 2,5 миллиард сом бөлүнүп жатат», — деди Букуев.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү