Борбор калаанын бирдиктүү дизайн-кодуна ылайык фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынды
Zobolo — Бишкек шаарынын бирдиктүү дизайн-кодунун талаптарын сактоо максатында мэрия тарабынан борбор калаанын негизги көчөлөрүндөгү имараттардын фасаддарын оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Атап айтканда, төмөнкү даректердеги имараттардын тышкы көрүнүшү иретке келтирилди:
-
Чүй проспектиси — Манас көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
-
Жибек Жолу проспектиси — Манас көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
-
Ч. Айтматов проспектиси — Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
-
Ж. Абдрахманов көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемесине ылайык, көрсөтүлгөн даректердеги имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө катуу тыюу салынат. Мэрия бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын менчик ээлерин жана пайдалануучуларын тышкы келбетти аяр сактоого чакырат.
Эмнелерге тыюу салынат?
-
Фасаддардын түсүн, сырдоосун жана каптамасын өз алдынча алмаштырууга;
-
Архитектуралык жана көлөмдүк-мейкиндик чечимдерин бузууга;
-
Кире бериш топторун орнотууга, балкондорду айнектөөгө жана кайра жабдууга;
-
Кондиционерлерди, көрнөктөрдү, маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды иретке каршы жайгаштырууга.
Шаардык аймактагы имараттардын фасаддарына өзгөртүүлөр Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтому менен бекитилген талаптарга ылайык, белгиленген гана тартипте жүргүзүлүшү керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107 жана 434-беренелерине ылайык, тышкы жарнаманы эреже бузуп жайгаштыргандыгы же мыйзамдуу талаптарды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын мэрия эскертет. Имараттардын фасаддарын талаптарга келтирүү боюнча иштер улантылууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү